Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 21-сессиясы
2019-жылдын 02-августу №87
Садыр аке айыл аймагында жайгашкан Григорьевка айылындагы суу топтомо жайларын муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө
Садыр аке айыл аймагында жайгашкан Григорьевка айылындагы суу топтомо жайларын муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы К.Т.Рашевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Григорьевка айылындагы Бевзов жана Лихолетов көчөлөрүнүн түндүк-батыш тараптарында жайгашкан суу топтомо курулмалары тиешелүү жер тилкелери менен муниципалдык менчикке бекитилип берилсин. Бевзова көчөсүндөгү суу топтомо курулманын жер аянты 0,33га бекитилсин, Лихолетов көчөсүнүн башындагы суу топтомо курулманын жер аянты 1,33га бекитилсин.
2. Айыл өкмөт башчысы К.Рашевге тез аранын ичинде суу топтомо курулмаларын муниципалдык менчикке бекитүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Рашевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозумбаев |