Редакцияот 30.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

2019-жылдын 30-августу №19/3

Кербен шаарынын мэриясынын “Кербен суу-канал” муниципалдык ишканасына кредит алууга макулдук берүү жөнүндө

Кербен шаарынын мэриясына караштуу “Кербен суу-канал”муниципалдык ишканасынын директору М.Бактыяров Кербен шаарынын калкын жана мекеме-ишканаларын ичүүчү таза суу менен камсыздоо,ремонт иштерин жакшыртуу үчүн Эксковатор сатып алууга 2000,0(эки миллион)миӊ сом кредит алуу үчүн 2019-жылдын 30-августундагы кезексиз сессияга макулдук сурап кайрылган.

 “КР ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине негиз,жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кербен шаарынын мэриясынын “Кербен суу-канал” муниципалдык  ишканасына 1(бир) даана эксковаторду муниципалдык менчикке сатып алуу үчүн кредит алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков