Редакцияот 30.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

2019-жылдын 30-августу №19/5

Кербен шаарынын Жетиген айылынын тургуну, КР эл аралык класстагы спортунун чебери Акмырзаев Асхат Кожомкуловичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

Жетиген айылынын тургундарынын элдик жыйынынын Кербен шаарынын тургуну Акмырзаев Асхат Кожомкуловичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө 14.07.2019-ж. токтомун жана Кербен шаарынын мэриясынын 15.07.2019-ж.№3-34/480 сунушун карап жана талкуулап чыгып, “КР ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кербен шаарынын Жетиген айылынын тургуну Акмырзаев Асхат Кожомкуловичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.

2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков