ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 10-июлу № 144
«Кызматтык автоунаа алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ» Мыйзамынын 16-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтүнүн Иш башкармасы тарабынан сунушталып жаткан «УАЗ 23632-249-10» маркасындагы автоунаасын кабыл алуу сунушун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоӊ-Сары-Ой айылдык Кеӊеши 2016-жылы чыгарылган, кузовдун №236300GI007689, «УАЗ 23632-249-10» маркасындагы автоунаасын Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине алынышына макул экендигин билдирет.
2. УАЗ 23632-249-10» маркасындагы автоунаасын муниципалдык баланска алууда тиешелүү иш кагаздарын толуктоо жагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн юристи Ж. Жанузаковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М. Сарбагышевге милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | К. Жумабек уулу
|