Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы
2019-жылдын 17-июну №97
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражаттан, Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы кечүү айылы боюнча Атайын эсеп дирекциясы тарабынан бөлүнгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражаттын эсебинен Кара-Күнгөй айылынын Көпүрө-Башы участкасынына таза суу киргизүү үчүн 50 000 (элү миң) сом акча каржаты бөлүнүп берилсин.
2. Атайын эсептен Чолпон-Ата айылынын Бала-Бакчасынын ремонт иштери үчүн 200 000 ( эки жүз миң) сом жана Чолпон-Ата айылынын Даңканай мектебинини айнек терезелерин алмаштырууга жана жылуулоо үчүн 250 000 ( эки жүз элү миң) сом Ак-Тектир айылынын Нурманбетов мектебине окуучуларды таза суу менен камсыз кылуу үчүн ( 1) тонналык суу куйуучу бак, мектепке электр насосун жана башка ар кандай чыгымдары үчүн ремонт иштери үчүн 70 000 ( жетимиш миң) сом акча каражаты болүнуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата айыл өмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом Cholpon-ata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С.Кылданов |