Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы
2019-жылдын 17-июну №98
Чолпон-Ата айыл аймагынын Ак-Тектир айылында жаңы бүткөрүлүп жаткан кичи фудбол аянтчага Токоев Осмондун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон-Ата айыл аймагынын Ак-Тектир айылында жаңы бүткөрүлүп жаткан кичи фудбол аянтчага Токоев Осмондун ысымын ыйгаруу максатында Ак-Тектир айылынын тургундары жана айыл башчы А.Маараимовдун билдирүүсүн угуп талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Тектир айылынын тургуну маркум Токоев Осмондун көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алуу жөнүндөгү Ак-Тектир айылынын тургундарынын сунушу эске алынып, Ак-Тектир айылынын кичи фудболдук аянтчасына Токоев Осмондун ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы М.Абдылдаев айылдык Кеңешине тапшырылсын
3. Бул токтом Cholpon-ata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С.Кылданов |