Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы
2019-жылдын 02-июлу №99
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2021-2022- жылдарга бюджетинин киреше чыгашаларын бекитүү жөнүндө
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2021-2022- жылдарга бюджетинин киреше чыгашаларын бекитүү жөнүндө М.Абдылдаев айылдык кеңешинин кезексиз 17-сессиясы карап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоору 14227,2 мин сомго анын ичинен өздүк киреше 6281,8 миң сом,теңдөөчү грант 7945,4 миң сом, атайын каражаттар 105,0 миң сомго бекитилсин.
2. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга долбоору 13256,6 миң сомго анын ичинен өздүк киреше 5959,8 миң сом , теңдөөчү грант 7296,8 миң сом, атайын каражаттар 105,0 миң сомго бекитилсин.
3. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга долбоору 13636,6 мин сомго анын ичинен өздүк киреше 6339,8 миң сом ,теңдөөчү грант 7296,8 миң сом, атайын каражаттар 105,0 миң сомго бекитилсин.
4. Корголгон Беренелердин ( эмгек акы,соц фондко чегерүүлөр,дары дармектерди жана тамак аш азыктарын сатып алуу,көмүр отун жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргузүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай,курулуш транспорт,соода байланыш инвестиция энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип,аткарцуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
6.Бул токтом Cholpon-ata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С.Кылданов |