Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры № 69
Чоң-Сары-Ой айыл Аймагына караштуу Сары-Ой айылындагы Нурдѳѳлѳт ата орто мектебинин «эски чатырын алмаштыруу жана оӊдоо долбоорун» иш жүзүнѳ ашырууда тех.надзордун кайрылуусун жана карта схемасына ылайык, комиссиянын курамы менен түзүлгѳн изилдѳѳ актысынын негизинде, Чоӊ-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысынын м.а. Г. Ормукова жана мектептин директору В. Кудабаеванын кайрылууларын карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айылындагы Нурдѳѳлѳт ата орто мектебинин эски чатырын алмаштыруу жана оӊдоо долбоорунда галерея бѳлмѳсүнүн 80 м2 ѳлчѳмүнѳ комушча оӊдоо иштерин жүргүзүү үчүн 223281 (эки жүз жыйырма үч миӊ эки жүз сексен бир) миӊ сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражаты айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинен кошумча бѳлүнүп берилсин.
2. Аткарылган жумуштун ѳз мѳѳнѳтү менен бүткѳрүлүшү жана сапаттуулугу кабыл алуу актысы менен ѳткѳрүлүп алынсын.
3. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Жумабек уулу К
|