Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-сентябры №132
Үч-Терек айыл аймагындагы Такталык жана Каргыш участкаларынан кен байлыктарына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө ОсОО «Ант компани», ОсОО «Кирекс оф минералс» , ОсОО «ПИЦ Корунд» компанияларына айылдык кеңештин 2017 жана 2018 жылдарда макулдук берилген токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын элинин жалпы жыйынында катышкан элдин каршы пикирлерин эске алып, Үч-Терек айыл аймагына караштуу Каргыш жанаТакталык участкаларынан 6272 га жер аянтына кен байлыктарын изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин VII-чакырылышынын 2017-жылдын 10-июнундагы кезектеги IХ –сессиясынын № 30,31 жана 6 август 2018-жылдагы кезексиз ХVIII-сессиясынын № 74 токтомдорун жокко чыгаруу боюнча Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз ХХVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын жергиликтүү жашоочуларынын Үч-Терек айыл аймагына караштуу Такталык жана Каргыш участкаларынан компанияларга кен байлыктарын изилдөө үчүн геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө карата каршы пикир талаптары эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл аймагына караштуу Такталык , Каргыш участокторунан 6272 га жер аянтына кен байлыктарын изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин VII-чакырылышынын 2017-жылдын 10-июнундагы кезектеги IХ –сессиясынын № 30,31 жана 6 август 2018-жылдагы кезексиз ХVIII-сессиясынын № 74 токтомдору Үч-Терек айыл аймагынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын 18.09.2019-жылда кабыл алынган № 14 Протоколунун токтомунун негизинде жокко чыгарылсын.
3.Токтомдорду жокко чыгарууда Такталык, Каргыш участкаларына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча компаниялардын иштерди аткарууда берген убадалары аткарылбагандыгы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев
|