Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2019-жылдын 14-июну № V/I
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мамлекеттик айыл-чарба фондунун эсебинде жүргөн бирок генралдык план боюнча калктуу конуштардын кеңейтилишине калтырылгын жер участокорун трансформациялоо жөнүндө
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомуна ылайык,сугат,айдоо жерлердин башка жер категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансфармациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Кыргыз республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү төмөндөгү контурлардагы №65-31,8 га, №63-28,3 га жер аянттары айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан чыгарылып,калктуу конуштар категориясына которулсун.
2. Айылды кеңейтүүгө калтырылган айыл чарба багытындагы жерлердин категориясын, калктуу конуштардын жерлеринин категориясына которуу жөнүндөгү айылдык Кеңештин токтомун бекитип берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага | А.Мурзалиев |