Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2019-жылдын 16-августу № II/I
Ача-Кайынды айыл аймагынындагы Ача Жолго Акунов Жолдубайдын атын берүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынындагы Ача Жолго Акунов Жолдубайдын атын берүү жөнүндөАкунов Мирбек Жолдубаевичтин жана Ача-Кайынды айыл тургундарынын 2019-жылдын 12-июнундагы Сунушун угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ача-Кайынды айыл аймагынындагы Ача Жолго Акунов Жолдубайдын атын берүү жөнүндө Акунов Мирбек Жолдубаевичтин жана Ача-Кайынды айыл тургундарынын 2019-жылдын 12-июнундагы Сунушу канааттандырылсын.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынындагы Ача Жол “Акунов Жолдубай” атындагы жол деп аталсын.
3. Ача-Кайынды айыл аймагынындагы Ача Жол “Акунов Жолдубай” атындагы жолду көрүнүктүү табличка менен камсыз кылуу жана жылыга жолдун айланасын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү жагы уулу Акунов Мирбек Жолдубаевичке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев |