Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2019-жылдын 16-августу № II/IV
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адисинин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адисинин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндөгү келишими алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун 2019-жылдын 15-августундагы №118/19 билдирүүсүн эске алуу менен келишимдеги кетирилген катачылыктарды оңдоо-түздөө иштерин аткаруу жагы Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев |