Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2019-жылдын 16-августу № II/VI
ОсОО “Энергоресурсы Тянь-Шань компаниясынын кайрылуусун кароо жөнүндө
ОсОО “Энергоресурсы Тянь-Шань компаниясынын чыгыш №17-05/8 кайрылуусун карап жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. ОсОО “Энергоресурсы Тянь-Шань компаниясынын чыгыш №17-05/8 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ача-Кайынды айыл аймагына тиешелүү Алыскы Ак-Сай өрөөнүндөгү 38791,2 га жайыт жеринен нефт жана газ байлыктарына чалгындоо иштерин жүргүзүүгө маакулдук берилсин.
3. Чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жайыт жерлерине орчундуу зыян келтирбөө жана зыянга учураган жерлерди калыбына келтирүү жагы ОсОО “Энергоресурсы Тянь-Шань компаниясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев |