Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-октябрры №1
«Проектируемый көчөлөргө ат коюу боюнча А. Сатыкуловдун сунушу жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы проектируемый көчөлөргө ат коюу зарылдыгы жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019- жылдын 27-августундагы 01-16/691 сандуу сунушу эске алынсын.
КР Өкмөтүнүн 2017-жыл 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасында 2020-жылы
эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 690 токтомун турмушка ашыруу максатында Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы калктуу пункттарда көчөлөрдү тактоо, ат коюлбаган кѳчѳлѳргѳ ат койдуруу жана номерленбеген үйлөргө номер берүү боюнча иш-чараларынын алкагында Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы калкттуу пункттардагы ат коюла элек төмөнкү жаңы конуштарга, кѳчѳлѳргѳ төмөнкү аттар ыйгарылсын:
1. Кызыл Кыя калкутуу пунктунун:
-Жылан Дѳбѳ айылындагы тѳмѳн жагындагы Проектируемая жана
- Кыпчак-Талаа айылынын башталышындагы Проектируемая кѳчѳсүнѳ-
“Жедигер” атындагы кѳчѳ,
2. Бүргѳндү калктуу пунктунун:
-Таш Коргон жана Ат Чабар кѳчѳлѳрүнүн чектешкен аймактын тушундагы Проектируемая кѳчѳсүнѳ- “Келечек”атындагы кѳчѳ,
3. Жаны Арык калктуу пунктунун:
- Жаны Жол кѳчѳсүндѳгү Проектируемая жана Проектируемая-1 кѳчѳсүнѳ “Жаны-Жол-3”атындагы кѳчѳ,
-Ууру Жар айылынын кирпич заводунун тушунан берилген Проектируемая кѳчѳсүнѳ “Айталиев Маликжан Эсенжанович”атындагы кѳчѳ,
-Ормон айылынын Ѳзбекстан менен чектешкен Проектируемая-1 кѳчѳсүнѳ “Ормон-1”атындагы кѳчѳ,
4. Ношкен калктуу пунктунун:
- Курулуш кѳчѳсүнүн атын ѳзгѳртүп, “Имамов Абдыганы”атындагы кѳчѳ,
- Курулуш кѳчѳсү менен чектешкен Проектируемая-3 кѳчѳсүнѳ “Кадыров Абдулла”атындагы кѳчѳ,,
-Курулуш жана Токтоназаров кѳчѳсүнүн ортосунан берилген Проектируемая-4 кѳчѳсүнѳ “Шакеев Кадыр”атындагы кѳчѳ,,
- Ибрагимов кѳчѳсүнүн жанындагы Проектируемая кѳчѳсүнѳ“Кожомбердиев Кален”атындагы кѳчѳ,,
- Тойчубаев кѳчѳсүнүн башталышындагы Проектируемая-1 кѳчѳсүнѳ “Мамасалиев Гедейбай”атындагы кѳчѳ деп бекитип берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн айылдардын юридикалык иш кагаздарын даярдоого көмөк көрсөтүү жагы Айыл өкмөттүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Калбековко милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |