Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
2019-жылдын 02-октябры №2
Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун Достук- Бүргөндү айыл өкмөттү биргеликте айылдарды “Тазалык көрктөндүрүү муниципалдык” ишканаларынын ишмердигин өнүктүрүү максатында атайын техникаларды алып келүү боюнча даярдаган долбоорун кабыл алуу зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Сатыкуловдун 2019- жылдын 27-августундагы № 01-16/696 сандуу кайрылуу эске алынсын.
2. Достук – Бүргөндү айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы “Тазалык көрктөндүрүү муниципалдык” ишканаларынын ишмердигин өнүктүрүү максатында биргелешип даярдаган долбоору кабыл алынсын.
3. Аталган долбоор боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жана Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |