Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
2019-жылдын 02-октябрры №3
Ормон айылынын тургуну Алаңбаева Зирекандын арызын кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы – Арык айылынын Ормон көчөсүнүн тургуну Зирекан Алаңбаеванын учурдагы ден-соолугуна байланыштуу акча каражатынан көмөк көрсөтүүгө муктаж экендигин боюнча жазган арызын угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зирекан Алаңбаеванын 2019- жылдын 16-сентябрындагы № А-68 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Зирекан Алаңбаеванын учурдагы ден-соолугуна байланыштуу операциясына жумшоого керектелүүчү акча каражатына көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты ажыратып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган акча каражатын мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |