Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
2019-жылдын 02-октябрры №4
Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Масиров Талантбектин арызын кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылынын тургуну 1-топтогу майып Масиров Талантбектин учурдагы ден-соолугуна байланыштуу акча каражатынан көмөк көрсөтүүгө муктаж экендигин боюнча жазган арызын угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масиров Талантбектин 2019- жылдын 16-сентябрындагы № М-69 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Масиров Талантбектин ден-соолугун чыңдоо максатында, жамбаш сөөгүнүн протестин кайрадан жасатууга керектелүүчү 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган акча каражатын мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |