Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
2019-жылдын 02-октябры №6
Тазалык жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси С. Разакуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жаңы ачылган “Тазалык жана көрктөндүрүү муниципалдык” ишканасынын ишине колдоо көрсөтүүнү сурап жазган жетекчиси С. Разакуловдун кайрылуусун угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Разакулов Салмоорбектин 2019- жылдын 30-сентябрындагы № 01 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. “Тазалык жана көрктөндүрүү муниципалдык” ишканасынын ишин үзгүлтүкө учуратбоо, ишкердигин улантууга көмөк көрсөтүү максатында 65 000 (алтымыш беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдаланууну көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган акча каражатын мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |