Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
2019-жылдын 02-октябры №7
«Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун сунушун кароо жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун муниципалдык менчиктеги жер аянттарын сатуу процессин ишке ашыруу боюнча аукцион комиссиясын түзүү жөнүндөгү сунушун угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Сатыкуловдун 2019- жылдын 30- сентябрындагы № 01-16/833 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Муниципалдык менчиктеги жер аянттары сатуу максатында аукцион өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн жана бекитилсин:
А. Каракожоев – айыл өкмөт башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
А. Абдиев-айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын орун басары;
А. Оморбеков – жер маселелер боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү;
М. Махкамов- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
К. Алымкулов- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
Б. Мамытов- ага салыкчы, комиссиянын мүчөсү;
Ахмедова- “Жаңы-Арык СА” СПАнын бухгалтери, комиссиянын мүчөсү.
3. Муниципалдык менчиктеги жер аянттарын сатуу иштерин жүргүзүүдө, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко жана атайын түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |