Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
2019-жылдын 02-октябры №8
Айылдык кеңештин депутаты Токторали уулу Кайраттын өтүнүч катын кароо жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты Токторали уулу Кайраттын Ат-Чабар жана Ташкоргон айылдарынын ички жолдоруна шагал төшөө максатында жазган өтүнүч катын угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токторали уулу Кайраттын 2019- жылдын 02-октябрындагы № Т-70 саны менен кириштелген өтүнүч каты алынсын.
2. Ат-Чабар жана Ташкоргон айылдарынын ички жолдоруна шагал төшөө максатында суралган 40 машине шагал жылдын башында ички жолдорго шагал төшөө максатында ажыратылган акча каражатынын эсебинен каржылансын.
3. Аталган маселени мыйзам чегинде турмушка ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган акча каражатын мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |