Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
2019-жылдын 02-октябры №9
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен уюштурулуп жаткан “Хельветас” долбоорунун жана өнүктүрүү саясат институтунун 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 169 сандуу катын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Хельветас” долбоорунун жана өнүктүрүү саясат институтунун 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 169 сандуу каты эске алынсын.
2. “Хельветас” долбоору менен биргеликте иш алып баруу максатында 23710 (жыйырма үч миң жети жүз он) сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетине (кассасына) кириштелсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатынын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган маселе боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |