Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №1
Кара-Суу айыл аймагында «Сугат айдоо жерлеринин жарактуу жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мароторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин айыл өкмөттүн токтомдору бар болуп, жеке турак-үйлөр курулуп калган сугат айдоо жер аянттарын калктуу конуш категориясына которуу жөнүндө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын агрардык тармагынын 2019-жылдын 19-июлундагы №1-чечимин кароо жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында «Сугат айдоо жерлеринин жарактуу жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мароторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин айыл өкмөттүн токтому менен жеке турак-үйлөргө сугат айдо жерлеринен берилип кеткен жерлерди которууга (трансформациялоого) даярдалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512-токтомун ишке ашыруу максатында айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Кара-Суу айылдык кеңешинин 2-кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагында «Сугат айдоо жерлеринин жарактуу жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мароторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин айыл өкмөттүн токтому менен жеке турак-үйлөргө сугат айдоо жерлеринен берилип кеткен жалпы 89,20 га болгон жерлерди которуу (трансформациялоо) Кыргыз Руспубликасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилишине сунушталсын.
2. Кара-Суу айыл аймагында калктуу конуш категориясына которууга сунушталган 89,20 га жер аянтынын тийиштүү иш кагаздарын даярдап, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер боюнча комиссиясынын кароосуна жиберүү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн турак-жай боюнча башкы адиси М.Абдрахмановго тапшырылсын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реесрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Молдажиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Иманкулов
|