Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июлу № 138
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы М. Сарбагышевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала бакчанынын ички бѳлмѳлѳрүнүн тазалыгы, балдардын ден-соолугуна кам кѳрүү жана жууп тазалоодо ыӊгайлуу шартына карап, долбоордогу полуна тѳшѳлүүчү ковролиндин ордуна ламинат тѳшѳо жагы каралсын.
2. Имаратка жылытуу системасын орнотуу долбоор боюнча аткарылсын.
3. Бала бакчанын полуна ламинат тѳшѳѳ жана жылытуу системасын орнотууда акча-каражаттардын айырмасына сметалары түзүлүп, кошумча иш катары иш жүзүнѳ ашырылсын.
4. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышевке жана ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Жумабек уулу К
|