Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
17-чакырылышынын 2-кезектүү сессиясы
2019-жылдын 4-октябры №2/5
Кара-Суу айылдык кеңешинин наамына жазылган арызды канааттандыруу жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун Кара-Суу айылынын тургуну Султан Мукашовдун жазган арызын негизинде билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2-кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын тургуну С.Мукашовдун арызын канааттандыруу максатында айылдык кеңешинин депутаттарынан төмөндөгүдөй убактылуу комиссия курамы түзүлсүн:
1.1. А.Өзгөрүш уулу- айылдык кеңешинин агрардык тармагынын төрагасы, комиссиянын төрагасы;
1.2. Ж.Иманкулов- айылдык кеңешинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү;
1.3. Ы.Жыргалбек уулу- айылдык кеңешинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү;
2. Түзүлгөн убактылуу комиссия бир айлык мөөнөттө тиешелүү иштерин мыйзам чегинде аткарууну камсыз кылышсын.
Төрага | Ж.Иманкулов |