Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры №207
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын карамагындагы атайын ылайыкташтырылган үч даана автобусту Ош шаарынын муниципалдык менчигинин карамагына алууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 30 сентябрындагы №335/08-6 Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын карамагындагы атайын ылайыкташтырылган үч даана автобусту Ош шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 6-беренесин жана Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 14-октябрындагы №14 токтомун эске алып, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 212-беренесинин негизинде Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын карамагындагы атайын ылайыкташтырылган «Тайху» үлгүсүндөгү көк түстөгү 2007-жылы чыгарылган кузовдун номери LFNJRRDK37W000827, кыймылдаткычтын номери CA6DF22450870799, 2007-жылы чыгарылган кузовдун номери LFNJRRDK57W000831, кыймылдаткычтын номери CA6F22450870803, 2007-жылы чыгарылган кузовдун номери LFNJRRDK77W000832, кыймылдаткычтын номери CA6DF22450870806 үч даана автобустарын Ош шаарынын муниципалдык менчигинин карамагына алууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын карамагынан Ош шаарынын муниципалдык менчигинин карамагына өтүп жаткан атайын ылайыкташтырылган үч даана автобусту кармоого жана пайдаланууга кетүүчү чыгымдарды Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен кароо тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Баймурат уулу Б.) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов
|