Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу №20/1
Нарын- Ийри-Суу автожолу боюнча ДЭУ №8 жол тейлөө башкармалыгынын маалыматын угуу жөнүндө
ДЭУ №8 жол тейлөө башкармалыгынын жетекчиси А.Мусабаевге 18.06.2019-жылы №275/02,2-4 каты берилип 24-июль 2019-жылда өтүлүүчү Чет-Нура айылдык Кенешинин ХХ сессиясына катышуу боюнча кат жолдонгон. Бирок ДЭУ №8 жол тейлөө башкармалыгы сессияга келген жок.
Чет-Нура айылдык Кеңешинин ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ДЭУ №8 жол тейлөө башкармалыгы сессияга чакырылгандыгына карабастан сессияга катышпагандыгы белгиленсин.
2. ДЭУ №8 жол тейлөө башкармалыгы Чет-Нура айыл аймагынын элине, айылдык кенешине кайдыгер мамиле жазагандыгы үчүн жоопкерчилигин кароо Кыргыз Республикасынын Транспорт Министирлигине кат жолдонсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т.Сыдыкбеков
|