Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
2019-жылдын 24-июлу №20/2
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын 19-январь 2019-жылдагы №16/1токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетте каралган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана ФЭБнүн баяндамасын угуп жана талкуулап
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXVII чакырылышынын XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын 19-январь 2019-жылдагы №16/1 токтомуна өзгөртүү киригилсин.
2. Токтомдо бекитилген 22241100 статьясында мекемелерге көмүр алууга каралган 273800 (эки жүз жетимиш үч миң сегиз жүз) сом акча каражаттары эконом болуп калгандыктан:
22122900 статьяга Ж.Саламатов мектебинин интернет байланышы үчүн 15600 (он беш мин алты жүз) сом;
22154100 статьяга социалдык иш чараларды өткөзүү үчүн 13000 (он үч миң) сом;
22211100 статьяга Ж.Саламатов орто мектебинин учурдагы ремонтуна 33100 (отуз үч миң бир жуз) сом, “Чон-Эне” бала бакчасынын көмүрканасынын ремонтуна 25000 (жыйырма беш мин) сом, Орто-Нура маданият үйүнүн ремонтуна 28000 (жыйырма сегиз миң) сом, айыл өкмөтүнүн имаратынын көмүрканасынын ремонтуна 5000 (беш миң) сом;
22211200 статьяга Орто-Саз айылынын көчө жарыгын жана жолдорун ондоого 59000 (элүү тогуз миң) сом, Ак-Кыя айылынын көчө жарыгын жана жолдорун ондоого 59000 (элүү тогуз миң) сом, Чет-Нура айылдык мусор полигонун кеңейтүүгө 9100 (тогуз миң бир жүз) сом;
31131220 статьяга көчөттөрдү сатып алууга 27000 (жыйырма жети миң) сом жылдырылып бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага | Т.Сыдыкбеков
|