Редакцияот 24.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

2019-жылдын 24-июлу №20/6

 «Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын» бекитүү жөнүндө

Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, Чет-Нура айылдык кеңешинин ХХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси көргөзүлгөн кызматтардын стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Садыковага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Сыдыкбеков