Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу №26
Т.У.Жапаркулов жөнүндө
Покровка айылынын тургуну Талас облусу боюнча “Батыр башы” федерациясынын президенти, эркин күрөш боюнча спорттук чебер Т.У.Жапаркуловдун оозеки кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну Талас облусу боюнча “Батыр башы” федерациясынын президенти, эркин күрөш боюнча спорттук чебер Т.У.Жапаркуловдун оозеки кайрылуусу
канаттандырылсын.
2. 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата районубузда өткөрүлүүчү Эл аралык Эр мушкерлердин ынтымак мелдешине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |