Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-августу №28
“Чоң-Капка” чек ара заставасынын башчысы С.Имангазиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын “Чоң-Капка” чек ара заставасынын башчысы С.Имангазиевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын “Чоң-Капка” чек ара заставасынын башчысы С.Имангазиевдин кайрылуусу канаттандырылсын.
2. “Чоң-Капка” чек ара заставасынын өздүк курамынын жашоо шартын жакшыртуу максатында аскерлердин жатаканасына пластикалык терезелерин салуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 75,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков
|