Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 6-августу №27
Кеңеш көчөсүндөгү кичи парк жөнүндө
Покровка айылынын Кеңеш көчөсүнүн тургундарынын демилгеси менен жаңы курулуп жаткан кичи паркына коомдук олтургуч орнотуу боюнча кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын Кеңеш көчөсүнүн тургундарынын демилгеси менен жаңы курулуп жаткан кичи паркына коомдук олтургуч орнотуу боюнча кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Кеңеш көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан кичи паркына 4-даана коомдук олтургучтарды орнотууга кеткен темир материалдарды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |