Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 6-августу №29
Кыргыз күрөшү боюнча “Эл аралык” мелдешин өткөрүү жөнүндө
31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата улуттук кыргыз күрөшү боюнча Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулунун Кыргыз Республикасынын биринчи абсолюттук чемпиону наам алганына 45 жыл болгондугуна байланыштуу “Эл аралык” мелдешин өткөрүү боюнча кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата улуттук кыргыз күрөшү боюнча Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулунун Кыргыз Республикасынын биринчи абсолюттук чемпиону наам алганына 45 жыл болгондугуна байланыштуу “Эл аралык” мелдешин өткөрүү боюнча кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Улуттук кыргыз күрөшүн эл арасында кеңири жайылтуу, даңазалоо, жаштардын кеңири катмарын улуттук кыргыз күрөшүнө тартуу жана тарбиялоо максатында 2019-жылдын 28-августунда Покровка айылындагы спорткомплексинде өткөрүлүүчү кыргыз күрөшү боюнча Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулунун Кыргыз Республикасынын биринчи абсолюттук чемпиону наам алганына 45 жыл болгондугуна байланыштуу “Эл аралык” мелдешин өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |