Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 6-августу №32
“Бала-Саруу айылына суу чогултуучу жаңы Рожновский мунарасын куруу жана 1650 м суу түтүктөрүн орнотуу” боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
Бала-Саруу айылына суу чогултуучу жаңы Рожновский мунарасын куруу жана 1650 м суу түтүктөрүн орнотуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча айылдык кенеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бала-Саруу айылына суу чогултуучу жаңы Рожновский мунарасын куруу жана 1650 м суу түтүктөрүн орнотуу боюнча чакан долбоордун жалпы суммасы 2 359 023 сомду түзөт, “АРИС” программасы тарабынан каржыланган сумма-1 328 250 сом, айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым -1 031 023 сом. 2019-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 435 236 миң сом бөлүнсүн, калган 595 787 миң сом 2020-жылдын бюджетине сунушталсын.
2. КЭБнун башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |