Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 6-августу №33
Арык тарттыруу жөнүндө
2019-жылдын апрель-май айларында айыл аймактагы дыйкан-фермерлердин үй-бүлөлөрүнө тиешелүү үлүш жерлеринин арыктарын тарттыруу боюнча айыл өкмөттүн башкы адиси А.Бердикеевдин оозеки кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын апрель-май айларында айыл аймактагы дыйкан-фермерлердин
үй-бүлөлөрүнө тиешелүү үлүш жерлеринин арыктарын тарттыруу боюнча айыл өкмөттүн башкы адиси А.Бердикеевдин оозеки кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Айыл аймак боюнча Жайылган айылынын №-300,311,312,331-контурлардан 26847 метр, Сөгөт айылынын №-347,1153-контурдан 3100 метр, Кара-Арча айылынын №-320,1014,995-контурлардан 12100 метр, Покровка айылынан 15818 метр дыйкан-фермерлердин арыктарын тарткандыгы үчүн “Беш кадам” агросервис үрөөнчүлүк айыл чарба кооперативдин эсебине (М.А.Садыров) жергиликтүү бюджеттин эсебинен 57800 сом акча каражаты которулсун.
3. КЭБнун башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |