Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 6-августу №35
Айыл аймактагы мал жуушаган аянттарды дарылоо жөнүндө
Покровка айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси А.Иманбаевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси А.Иманбаевдин кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Телериоз оорусун алдын алуу максатында Жайылган айылынын Кара-Чоо,Узун-Булак мал жуушаган аянттарды дарылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинин 10 000 сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |