Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 6-августу №39
Ниязалиев Калмураттын ысымын жаңы көчөгө коюу жөнүндө
Бала-Саруу айылынын тургуну Ниязалиев Манатбек Калмуратовичдин кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала-Саруу айылынын тургуну Ниязалиев Манатбек Калмуратовичдин кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Бала-Саруу айылынын А.Огонбаев көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан жаңы көчөгө “Эл агартуунун отличниги” жана “Эмгек ардагери” төш белгисинин ээси Ниязалиев Калмураттын ысымы коюулуп, жаңы көчө “Калмурат агай” деп аталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков
|