Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 6-августу №41
Айылдарда ветеринардык клиникаларды куруу жөнүндө
Манас райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы М.Б.Туралиевдин кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы М.Б.Туралиевдин кайрылуусун канаттандырылсын.
2. КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы №673 “2018-2023-жылдарга КР ветеринардык кызматын өнүктүрүү жөнүндөгү токтомун ишке ашыруу максатында жана мал чарбасын тейлөөдо сапаттуу ветеринардык кызмат көрсөтүүдө айылдарда ветеринардык клиникаларды куруу үчүн Покровка айылынын Пролетарский жана Р.Айдаров көчөсүнүн кесилишинин түндүк жак бетинен 0,05 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков
|