Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 6-августу №42
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө
КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Манас райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Манас райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы,мындан ары “мамлекеттик орган”, “Манас райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жөнүндө” Жобонун негизинде начальник Т.Б.Назаралиев бир тараптан, жана Покровка айыл өкмөтүнүн атынан Покровка айыл өкмөтү жөнүндө жобонун (же Уставдын) негизинде иштеген А.Б.Жалилов экинчи тараптан КР Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен ушул келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков
|