Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 –чакырылышынын 5- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 19-сентябры №49
Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүп берүү жөнүндө” жобону талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кызматынын Манас району боюнча бөлүмүнүн башчысы Г.К. Казаболотова бир тараптан, жана Покровка айыл өкмөтүнүн атынан Покровка айыл өкмөтү жөнүндө жобонун (же Уставдын) негизинде иштеген А.Б.Жалилов экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен ушул келишим бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков
|