Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-октябры № 3
“Транс-Кыргыз Газ Паплайн Компани Лимитед” ЖЧКсы тарабынан суралган жол куруу, факель куруу жана крандык түйүн орнотуу үчүн Кашка-Суу айыл аймагындагы “Орто-Коргон” (Теликум) участкасынан жалпы аянты 0,90 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга үчүн бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө айыл өкмөт башчысы С.Бакировдун сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Транс-Кыргыз Газ Паплайн Компани Лимитед” ЖЧКсы тарабынан суралган Кашка-Суу айыл аймагындагы “Орто-Коргон” (теликум) участкасынын №147-148-140-411 контурларынан жол куруу үчүн 0,58 га, факель куруу үчүн №145-411 контурларынан 0,02 га, крандык түйүн куруу үчүн №147-140 контурларынан 0,30 га, жалпы 0,90 га жер аянттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактоо жана даярдоо Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаңшоевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин Экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш, коммуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов
|