Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 26-сессиясы
2019-жылдын 10-июлу №2
«Айыл өкмөтүнүн балансында турган Жазгак айылындагы саан короонун ичиндеги аталакана,жемкана, темир курулмаларды жана айыл өкмөтүнүн имаратынын жанындагы жараксыз абалдагы кампаны сатуу жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн орун басары Б Раманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊешинин ХХVII-чакырылышынын 26-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөтүнүн орун басары Б Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн балансында турган Жазгак айылындагы саан короонун ичиндеги аталакана, жемкана, темир курулмаларды жана айыл өкмөтүнүн имаратынын жанындагы жараксыз абалдагы кампаны сатууга уруксат берилсин жана сатуу боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия курамы түзүлсүн:
1. Айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары
2. Айыл өкмөтүнүн орун басары
3. Ф.Э.Бнүн башчысы
4. Туруктуу комиссиялардын төрагалары
5. Депутаттар чек арасы боюнча
6. Айыл башчылар чек арасы боюнча
3. Жазгак айылынын тургуну Тургунбаев Кубанычбекке убактылуу ижарага берилген 0,20 сотых жери темир каркастары менен көз карандысыз баалоочу тарабынан баалансын бирок жеке менчикке сатылбасын.
4. Жогорудагы комиссия курамына жеринде көрүп, акт түзүү жагы жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары Б Раманкуловго жана айылдык кеӊештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |