Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 26-сессиясы
2019-жылдын 10-июлу №3
Айыл аймагындагы № 11, 5, 4, 9-талаа стандарын муниципалдык менчикке алуу жана Жазгак айылындагы саан короонун ичиндеги бош жер аянттарын, Чек айылындагы кичи футбол аянтчасынын жанындагы бош жер аянтын муниципалдык менчикке алып, жеке менчикке сатуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊешинин ХХVII-чакырылышынын 26-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Айыл аймагындагы № 11, 5, 4, 9-талаа стандары муниципалдык менчикке алынсын.
3. 2004-жылы мамлекеттик системалык каттоого алынбай калган жогорудагы талаа стандарын муниципалдык менчикке каттоого коюу жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөргө укуктарды берүү башкармалыгынан суралсын.
4. Жазгак айыдындагы саан короонун ичиндеги 800,0 м.кв, 800,0 м.кв, 755,0 м.кв жана Чек айылындагы футбол аянтчасынын жанындагы 0,21 га жер аянты жеке менчикке алынып, аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
5. Аукционго сатылуучу жер аянттарынын тиешелүү документтерин даярдоо жагы жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары Б Раманкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |