Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 26-сессиясы
2019-жылдын 10-июлу №4
Амкадор эксковаторун жайыт комитетине пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн орун басары Б Раманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊешинин ХХVII-чакырылышынын 26-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөтүнүн орун басары Б Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Эксковатор Амкадор трактору айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын жана келишимдин негизинде акты менен инвентаризациялап, жайыт комитетине пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
3. Трактор бузулган учурда ремонттоо жагы жайыт комитетинин төрайымы К Төлөновага жүктөлсүн.
4. Эксковатордун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен салым катары берилген 570 миӊ сом салымды кайтаруу жагы К Төлөновага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары Б Раманкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |