Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 27-сессиясы
2019-жылдын 21-августу №1
2020-жылга айыл өкмөтүндөгү приаритеттүү долбоорлорду дем берүүчү үлүштүк грантка Ноокен райондук жана Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна сунуштоо жана ПСДларын даярдоо жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 27-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2020-жылга айыл өкмөтүнөн дем берүүчү үлүштүк грантга №34-Жазгак орто мектебине борборлоштурулган от казан туруучу имаратын куруу, Кыла борбордук мадания үйүнүн эшик терезелерин алмаштыруу жана электр чубалыгларын алмаштыруу, райондун өнүктүрүү фондуна № 23-Ж.Жунусалиев атындагы орто мектебине кошумча жаӊы имарат куруу, Таштак айылына жаӊы курулган бала бакчаны абадташтыруу, Бостон айылына кичи футбол аянтчасын куруу, областык өнүктүрүү фондуна № 23-Ж.Жунусалиев атындагы орто мектебине кошумча жаӊы имарат куруу жана Бостон айылына кичи футбол аянтчасын куруу долбоорлору сунушталсын.
2. 2020-жылга айыл өкмөтүндөгү жогорудагы долбоорлордун тийиштүү иш кагаздарын даярдап дем берүүчү үлүштүк грантга жана райондук, областык өнүктүрүү фондуна тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т.Эгембердиевге жүктөлсүн.
3. Долбоорлордун иш кагаздарын даярдоодо керектелүүчү акча каражатын ажыратып берүү жагы айылдык кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Ф.Э.Бүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Тургунбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысынын орун басары Б.Раманкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |