Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-августу №3
Турак жай куруу үчүн айыл тургундарына жер участкаларын ажыратып берүү үчүн мелиоративдүү даярдыктагы жерлердин багытын өзгөртүү ( трансформациялоо) жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б.Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 27-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б.Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Турак жай куруу үчүн айыл тургундарына жер участкаларынажыратып берүү максатында мелиоративдүү даярдыктагы жерлердин багытын өзгөртүү(трансформациялоо ) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б.Жакыбалиевага жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы №235, 236, №239 контурларынан- 5,0 га, Жазгак айылындагы №273-контурдан 5,60 га, Бостон айылындагы № 172, №311-контурдан 6, 60 га, Көп-там айылынан №187, №189- контурдан 3,80 га жалпысы болуп 21,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын. .
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелербоюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев
|