Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №16
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы , 2019 -жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2020-2021- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга каралган айыл өкмөтүнүн жана 2020-21-жылдарга болжолун бекитуу жөнүндөгү маселени « Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелуу мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган . Кыргыз Республикасынын « Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү » Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 10126.5 сом өлчөмүндө бекитилсин .
2. 2019-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин тузүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде , ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегеруу , тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2020-2021 -жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын .
Кирешенин болжолу 2020-жылга 10707.4 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 3135.3 сом менен) жана 2021 -жылга 11396.5 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 2926.4 сом менен) белгиленсин.
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын , аларды ар бир
конкреттуу мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары ,мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын .
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары ( бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин
6. Айыл айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу: *
Ушул токтомдун 1- беренесинде бекитилген суммалардын чегинде , эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизуугө:
ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө:
киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо:
7. 2018-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кенешке ыйгарылсын .
8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо ,алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу , сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
9. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү7307.6 сомго , чыгаша бөлүгү7307.6 сомго белгиленсин.
10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Он Эки Бел айылдык Кенешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д.Кантов
|