Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-апрели ПЖ № 148 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Асанов Даир Асановичтин ысмын берүү жөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 60 жылдыгына байланыштууошондой эле Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейин негиздөөгө жанаторолтууга, Ата Мекендин келечектеги коргоочуларын даярдоого жана тар-биялоого кошкон жеке зор салымын таануу иретинде токтом кылам: 1. Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине Советтер Союзунун Ба-атыры, генерал-майор Асанов Даир Асановичтин ысмы берилсин жана мынданары ал "Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Асанов Даир Асановичатындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейи" деп аталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-йык келтирсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев