Загрузка документа…
АКМАН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-майы №22
Колот айылынын Т.Исаков атындагы №35 орто мектебинин стадионуна кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Акман айылдык Кенешинин депутаты Каимов Рамистин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Колот айылындагы №35 Т.Исаков орто мектебинин стадионунан кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 0,10га жер тилкесин Т.Исаков орто мектебинин жамаатынан жана директорунун суралсын.
2. Колот айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн уруксат иштери жана долбоорду даярдоо, Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Сопуев . |