Загрузка документа…
АКМАН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июну №24
Жер категорияларын которуу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Коконовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IVсессиясы, “Бишкек-Ош” автожолунунун 550-552км “ Маданият-Жалал-Абад” участогун реаблитациялоо долбоорун Эвразия өнүктүрүү Банкы каржылоосунда ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөдө, жол тилкесине жайгашып калган турак жайларды, аларга тийиштүү кошумча курулуш обьектилерин, курулуучу жолго туура келип жашап жаткан калкты башка жайларга көчүрүү менен аларга компенсация төлөө маселесин чечүүгө материалдарды даярдоо, суу чарба арыктарын электр линияларын, телекомуникацияларын, жарандардын үлүш жерлеринен курулуучу жолго ажыратыла турган жер тилкелерин, кесилүүчү дарактарды аныктоо менен трансформациялоого документтерди даярдоо меселелерди белгиленген тартипте чечүү аркылуу долбоорду өз мөөнөтүндө турмушка ашырууга шарт түзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылынын тургундарынын “Бишкек-Ош” автожолун 550-552км “ Маданият Жалал-Абад” участогун реаблитациялоо долбооруна туш келген 5952,80метр квадрат жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлерден” “ Транспорттун жерлери” категориясына которулсун КБФнын жеринен 274,70 метр квадрат, үлүш жерлери туш келген 47 дыйкандын №362,363,365,370,371,372,374 контурунда жайгашкан 5678,1метр квадрат жер аянты Акман айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жери болуп турган №362 контуруна которулуп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Маматкулов Советбек Калыкбаевичге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш. Калыковго милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Сопуев . |