Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-майы №111
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатына атайын фонддон келип түшкөн 257,0 миң сом акча каражатын жана 2018-жылдын 31-декабрында 2019-жылга калдык болуп калган Жетиген айылынын Сары-Таш каналына каралган 500,0(беш жүз миң) сом акча каражатын кароо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатына атайын фонддон келип түшкөн 257,0 миң сом акча каражатын жана 2018-жылдын 31-декабрында 2019-жылга калдык болуп калган Жетиген айылынын Сары-Таш каналына каралган 500,0(беш жүз миң) сом акча каражатын Үч-Терек айылына курулуп жаткан спорттук кичи футбол аянтчасынын килемчесине жумшоо боюнча айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатына атайын фонддон келип түшкөн 257,0 миң сом акча каражатын жана 2018-жылдын 31-декабрында 2019-жылга калдык болуп калган Жетиген айылынын Сары-Таш каналына каралган 500,0(беш жүз миң) сом акча каражатын Үч-Терек айылына курулуп жаткан спорттук кичи футбол аянтчасынын килемчесине жумшоо боюнча акча каражаты 2222-статьясына жылдырылсын.
2. Которулган акча каражатын максатуу жана өз багытында жумшалышын камсыздоо жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага тапшырылсын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы: | А.Акаев. |